Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин төрөгалыгына Талант Мамытов көрсөтүлүүдө
Саясат
Жогорку Кеңештин төрөгалыгына Талант Мамытов көрсөтүлүүдө

Жогорку Кеңештин 4-ноябрдагы жыйынында «Республика-Ата Журт» фракциясы төрагалыкка талапкер катары депутат Талант Мамытовду сунуштады.

Бул тууралуу аталган партия мүчөсү Өмүрбек Бакиров  чечим фракция тарабынан 3-ноябрда макулдашылганын айтты.

Учурда талапкерди Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укукуктук маселелери боюнча комитети кароодо.

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев президенттик шайлоого катыша турганын жарыялап, спикерлик кызматын тапшырды.