Жаңылыктар
​Кытайда 35 жүргүнчүсү менен автобус күйүп кетти
Дүйнө
​Кытайда 35 жүргүнчүсү менен автобус күйүп кетти

Кытайдын борборундагы Хунань провинциясында 35 жүргүнчүсү менен туристтик автобус күйүп кетти. Синьхуа маалымат агенттиги жазып чыккандай, учурда 11 адам стационардык дарылоодон өтүп жатат, алардын ичинде төртөөсүнүн жарааты оор. 

Бул кырсык 26-июнда жергиликтүү саат боюнча эртең мененки 10 жарымдар чамасында катталган. Маалыматтар боюнча 55 жүргүнчү менен Ичжан аймагында бараткан автобус, катуу ылдамдык менен келип жолдогу тосмого урулуп, өрттөнүп кеткен. Автобустун айдоочусу полиция тарабынан камакка алынды.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118