Жаңылыктар
Ош жергесинде жер силкинди
Өзгөчө кырдаал
Ош жергесинде жер силкинди

Кечээ түндө Ошто жер титиреди. 3 баллдык жер силкинүүнүн очогу Ош шаарынан 140 чакырым алыстагы аймакта жайгашты. Жердин силкинүүсү Нура айылында 3 балл, Эркештамда 2 жарым балл болуп сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ошондой эле, бүгүн Кыргыз-Кытай чек ара тилкесинде да күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталгандыгын Казакстандын Сейсмологдору билдирип чыкты. Силкинүүнүн очогу Алматы шаарынын түштүк-батышынан карай 478 чакырым алыстыктагы Кыргыз-Кытай чек ара аймагында болгону айтылды.