Жаңылыктар
Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды
Саясат
Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Жогорку Кеңештин төрагасы болуп Талант Мамытов шайланды. “Республика - Ата Журт” партиясынан талапкерди дээрлик бардык депутаттар колдоп, добуш беришти. Буга чейинки төрага Канат Исаев болсо укугун өткөрүп берди. Эскерте кетсек, “Кыргызстан” партиянын лидери көпчүлүк добуштун негизинде 13-октябрда парламентти жетектөөгө тандалган. Анда ага карата 78 депутат макул болуп добушун берип, экөө каршы чыккан. 

Кезектеги парламенттин жыйынын мурдагы төрага Канат Исаев ачып, өзүнө берилген ыйгарым укуктарын токтотконун жарыялады. Мындай кадамын ал президенттик шайлоого аттанаарын айтып, кызматтан баш тартканын билдирди. 

Парламентарийлер депутат Талант Мамытовдун төрага кызматына талапкерлигин карады. Талкуу учурунда депутаттар жаңы төрага биринчи кезекте басым жасай турган маанилүү маселелерди белгилешти.

Жаңы тандалган төрага өз сөзүндө, оңой эмес кырдаалда чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн белгиледи. Ошондой эле Ак үйдү курчап турган тосмону алып салууну убада кылды.

Белгилей кетсек, “Республика-Ата Журт” фракциясынын талапкерин тандоо жашыруун добуш берүү аркылуу өттү. Талант Мамытовдун талапкерлигин 100 депутат колдоп, бир депутат каршы добуш берди. Добуш берүү бюллетень салуу аркылуу өттү.