Жаңылыктар
Өлкөдөгү чуулгандуу кылмыш иштери боюнча Башкы прокуратура кандай маалымат берди?
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдөгү чуулгандуу кылмыш иштери боюнча Башкы прокуратура кандай маалымат берди?

Башкы прокуратура коронавирус пандемиясы учурунда орун алган мыйзамсыз аракеттер боюнча 6 кылмыш ишин козгоду. Анын алкагында азыр Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызмат адамдарынын аракеттери да каралууда. Бул тууралуу бүгүн башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирип, ал башкы көзөмөл органынын акыркы 8 айда аткарган жумуштары, ошондой эле өлкөдөгү чуулуу делген кылмыш иштери боюнча кабарчылардын суроолоруна жооп берди.

Маалымат жыйындын алдында башкы прокуратуранын жаңы басма-сөз борбору ачылды. Башкы прокурор мына ушул жерде башкы көзөмөл органы иликтеген ар бир иш боюнча ачык айкын маалымат берилип турарын белгиледи. 

Бул Курманкул Зулушевдин башкы прокурорлук кызматтагы биринчи маалымат жыйыны. Алгач акыркы 8 айда аткарылган иштер боюнча жыйынтык чыгарылды. Учурда резонанстуу делген иштердин бири- пандемия учурундагы саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердиги текшерилүүдө. Башкы прокуратурада медициналык каражаттар мыйзамсыз сатылганы боюнча маалыматтар бар. 

Өткөн парламенттик шайлоолордогу мыйзам бузуулар боюнча да суроо берилди. Форма 2, добуш сатып алуу жана жалпы эле шайлоо мыйзамдарын бузгандар боюнча тергөө иштери уланууда. 5 кылмыш иши тергелип бүтүп сотко жөнөтүлгөн. Башкы прокурор добуш берүү өнөктүктөрү боюнча пикирин билдирип жатып, алдыдагы президенттик шайлоолордо ачык айкындуулук камсыздаларын, добуш сатып алууга жол берилбесин билдирди.

Башкы прокурор 4-5-октябрдагы окуялардагы мурдагы Ички иштер министринин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын аракеттери мыйзам чегинде караларын билдирди. Ошондой эле, Дача-Су окуясы боюнча кылмыш иши кайра тергелип, Батукаевдин бошотулушуна байланышкан кылмыш иши жогорку сот инстанциясында каралмакчы. Зулушев прокуратура органдары саясий куугунтук менен алектенбей, мыйзамдын чегинде иш алып барышы керектигин билдирди.