Жаңылыктар
Акыркы эки жумадан бери доллардын куну жогорулады
Кыргызстан жаңылыктары
Акыркы эки жумадан бери доллардын куну жогорулады

Кечээ 85 сомго чыкканы менен бүгүн кайра 84 сомго жетпеген баада сатылууда. Буга дүйнөлүк пандемия, жылдын аягындагы доллар менен болгон ири отчёттер жана экономикалык абал таасир этет. Серепчилер абал турукташпаса азык-түзүлүктөрдүн баасы кымбат болуп, элдин социалдык абалы начарлай турганын айтат. Улуттук банк муну жылда кайталанган көрүнүш катары сыпаттады.

Доллардын кыргыз сомуна карата курсу өйдөлөп кетишине суроо-талаптын көптүгү жана коронавируска байланыштуу айрым өлкөлөр чектөө киргизгени себеп болду. Аны өзгөртүүгө Улуттук банк таасир эте албайт. Болгону жагдай олуттуу болуп бара жатса кескин чара көрүп, жумшартуу аракетин жасайт. 

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда доллар 12-13 сомго кымбаттады, ошого жараша азык-түлүк жана башка товарлардын да баасы жогорулап кетти.

Ушундай эле көрүнүш кошуна мамлекеттерде да болуп, курстун улам өзгөрүп турушу өлкөнүн экономикасына, элдин социалдык абалына , сырттан кирген азыктардын баасына таасир этүүдө.