Жаңылыктар
Манас күнүнө карата "Манас таануу” лекцияларын окутуу пландалууда
Маданият
Манас күнүнө карата "Манас таануу” лекцияларын окутуу пландалууда

Манас күнүн утурлай мамлекеттик органдарда “Манас таануу” лекцияларын окутуу пландалып жатат.

Манас эпосун сактоо жана жайылтуу, өлкөдө манас таанууну өнүктүрүү, манасчыларга өкмөт тарабынан колдоо жана камкордукка алуу максатында “Манас күнүн” утурлай мамлекеттик органдарда “Манас таануу” лекциялары окулуп, эпостун чечмелениши жана учурдагы кырдаалга ылайык, “Манас” эпосунун орду тууралуу түшүндүрүү иш – чарасы уюштуруп өткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу, Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков жана манасчылар катышкан жыйында белгилүү болду. Иш- чаранын башкы каарманы болуп Кыргызстандагы белгилүү манасчылар болуп, бекитилген графикке ылайык ишке ашат.

Баатырлык эпопея болгон чыгарма, генеалогиялык циклдештирүү негизде түзүлүп, көчмөн кыргыз элинин жашоосун, көз карандысыздыкка, мамлекеттүүлүктү орнотууга болгон күрөшүн, кыргыз маданиятынын, тиричилигинин өзгөчөлүктөрүн айтып берет. Андыктан, аталган иш- чара мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда өтүүсү, элди бүтүндүккө, ынтымакка жана туруктуулукка чакырып, басып өткөн тарыхыбызды даңазалап аны түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Белгилүү болгондой, 4-декабрь күнү Кыргызстанда "Манас эпосунун күнү" майрамдалат. Бул күн Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 27-апрелиндеги №259 токтомдун негизинде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ошондой эле өлкө парламентинин демилгеси аркылуу кабыл алынган.

Эске салсак, министр Нуржигит Кадырбеков менен болгон жолугушуунун алкагында “Манас” эпосуна тиешелүү бир катар көйгөйлөр айтылып, аны чечүү жолдору да талкууланды.