Жаңылыктар
Витаминге жык толгон - чычырканак
Ден соолук
Витаминге жык толгон - чычырканак

 Тоо койнунда орто бойлуу, тикен менен курчалган, мөмөлөрү ток сары түстөгү бадалды баарыбыз кездештирсек керек. Мына дал ушул бадалдын ден соолугубузга тийгизген пайдасы айтып бүткүс. Кеп чычырканак тууралуу болот.
 

Чычырканактын "түндүк ананасы" деген дагы аталышы бар. Анткени көпчүлүк бул мөмөнү ананастай жыттанат деп кабыл алышат.  Чычырканактын бардык түрү жегиликтүү эмес. Мекени катары Чыгыш Азия саналат. Алгач гректер менен римдиктерге белгилүү болуп, Кытай жана Тибет медицинасында кеңири колдонулган. Бирок бара-бара алар бадалдарды жок кыла баштаган. Себеби, алар абдан активдүү өсүшүп жана өтө тикендүү болгон.  19-кылымдан кийин гана декоративдүү тосмо катары гана өстүрүп башташкан.  Учурда бүткүл Евразияда, Алтайда жана Сибирде өсөт. Жадакалса, Индия менен Пакистандын тропиктик аймактарында дагы кездешет.

Кандай түрдө болбосун пайдалуулугун жоготпойт. 

Чычырканак илгертен натыйжалуу дары-дармектердин бири болгон.  Жаракатты айыктыруучу касиетке ээ болгондуктан  бул  согуш мезгилинде көп жардам берген. Бүгүнкү күнгө чейин колдонулуп, ар кандай оорулардын алдын алып, жалпы организмди сактап келет.

Чычырканак C, A, B, E, K витаминдерине, фолий кислотасына, таниндерге жана органикалык кислоталарга бай.  Кабыгында бакыттын гормону болгон серотонин бар. Чычырканактын артыкчылыгын көрсөткөн негизги фактылар:

- Чычырканактын курамында омега-7 май кислоталары бар жана табитти бир кыйла көтөрөт.

- Курамындагы майлардын натыйжасында ревматизмди  бир кыйла азайтып, ооруну басаңдатат.

- Инфекцияларга жана сезгенүүлөргө каршы күрөшүүчү жана жараларды айыктыруу үчүн колдонулат.

- Көрүүнү жакшыртат жана медицинада көздүн чел кабыгын, айрыкча күйүктү дарылоодо дары-дармектердин бир бөлүгү катары колдонулат.

- С витамини көп болгондуктан, ал күчтүү антиоксидант жана организмдеги эркин радикалдарды нейтралдаштырат.

- Мөмөлөрү карылык процессин бир кыйла жайлатат - бул үчүн мөмөнү жеп, анын негизинде жасалган косметикалык каражаттарды колдонуу керек.

- Подаграны дарылоодо эффективдүү каражат - бул өсүмдүктүн мөмөлөрү дагы, жалбырактары дагы организмден оксал жана заара кислоталарын кетирет.

- Кыямы астматиктерди кубандырат, анткени бул мөмө алар үчүн өзгөчө пайдалуу - дем алуу органдарын калыбына келтирет.

- Суу чечегинен баштап, безеткиге чейинки теринин ысыктары менен күрөшөт.

- Көңүлдү көтөрүп, нерв системасын тынчтандырууга жардам берет, ошондой эле мээни стимулдайт

- Гайморитти, фарингитти, ларингитти дарылоодо колдонулат - бул үчүн ингаляциялар ушул мөмөнүн тундурмалары жана кайнатмаларынын негизинде жасалат.

- Жүрөк-кан тамыр системасын дарылоодо дагы колдонулат, анткени анын мөмөлөрү кан тамырларды бекемдеп, кандагы жаман холестериндин деңгээлин төмөндөтөт.

- Ширеси иммундук системаны чыңдоодон тышкары, организмди керектүү витаминдер менен каныктырат.

Албетте, пайдалуу жагы менен катар зыяндуу жагы дагы жок эмес. Кимдерге колдонууга болбойт?

Чычырканактын мөмөлөрүнүн ич алдыруучу таасири белгилүү, андыктан ич өткөк болуп, же тамактан ууланып калсаңыз, анда бул мөмөлөргө жакын жолобоңуз. Эгерде каршы көрсөтмөлөр жок болсо, бир эле учурда 50 граммдан ашык мөмө жеген оптималдуу. Бир жаштан баштап балдарга чычырканактын суюлтулган ширесин бир аз берсе болот.

Майы ашказандагы жара оорусуна өтө пайдалуу болгону менен, ширесиндеги кислоталардан каршы көрсөтмөлөрү аныкталган. Муну менен катар боор жана уйку бези оорулары менен жабыркаган учурда тыюу салынат. Эгер бөйрөктөгү таш болсо, этияттык менен жеш керек. Ошондой эле аллергия пайда болуу коркунучу бар

Кантип тандайбыз жана кантип туура сактоо керек?

Жыйноо сезону күздүн башталышында орун алат. Эгерде сатып алсаңыз, мөмөлөрдүн бекемдигине көңүл буруңуз - алар жумшак жана ошол эле учурда тыгыз болушу керек. Өлчөмү анчалык деле маанилүү эмес, анткени даамы жагынан чоңдорунан айырмалана бербейт.  Жыты дагы маанилүү - жакшы мөмө-жемиш мүнөздүү күчтүү жытка ээ. Жаңы үзүлгөн чычырканак көпчүлүк мөмөлөргө караганда бир айга чейин муздаткычта сакталат. Эң негизгиси суу тийгизбей кургак кармоо керек. Тоңдурулган түрүндө дагы  витаминдерин жана пайдалуу касиеттерин жоготпойт, ошондуктан идиштерге же баштыктарга салып тоңдуруп салса болот. Бул учурда мөмө-жемиштер кыштын аягына чейин жеткиликтүү болот.