Жаңылыктар
Жазуучу Каныбек Иманалиевдин “Кыргыздар” китеби түрк тилине которулду
Маданият
Жазуучу Каныбек Иманалиевдин “Кыргыздар” китеби түрк тилине которулду

Жогорку Кеңештин депутаты, жазуучу Каныбек Иманалиевдин кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, каада-салтын, жаратылыш байлыктарын даңазаланган “Кыргыздар” аталышындагы китеби түрк тилине которулду. 

Буга байланыштуу иш-чара өткөрүлүп, жазуучулар, коомдук ишмерлер катышты. 2003-жылы жарык көргөн “Кыргыздар” китеби алгач орус тилинде, андан соң кытай, немис, араб, англис тилинде жарык көргөн. Эми минтип ТҮРКСОЙ эл аралык уюму чыгарманы түркчө котормосун окурмандарга тартуулады. Мындан тышкары аталган китеп КМШ өлкөлөрү катышкан-мамлекеттердин эл аралык көргөзмөсүндө баш байгени багындырган. Жазуучу Каныбек Иманалиев бала кезинен тарта эле кыргыздын салтын, маданиятын даңазалаган китеп чыгарууну кыялданып жүрүп аны ишке ашырганын билдирди.

“Мен кыргыз элинин тарыхын айтып мактанайын дедим. Кыргыз элинин каада-салты, өзгөчөлүктөрү, ыйык жерлери, улуу адамдары, келечеги. Дагы бир өзгөчөлүгү кыргыз элинин тарыхын даңазалаган сүрөт музейиндеги эң мыкты сүрөттөр кирген. Азыркы тапта 60 тан ашык өлкөдө таркап, 2016-жыл баш байгеге да ээ болгон”,- деди Жогорку Кеңештин депутаты, жазуучу Каныбек Иманалиев.

“Бул китеп чыкканына 3-4 ай болду. Каныбек Иманалиевдин бул китеби орус тилинде дагы, башка тилдерде дагы чыккан экен. Түркчө котортуп, мурдагы чыккан стандарт менен ТҮРКСОЙго сунушташган. ТҮРКСОЙ маанилүүлүгүн түшүнүп, кыргыздарды даңазалоо кудурети бар экенин түшүнүп колдоду”,- деди акын, драматург Кожогелди Култегин.