Жаңылыктар
КТРК мыйзамы коомдук талкууга коюлду
УТРК жаңылыктары
КТРК мыйзамы коомдук талкууга коюлду

“Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү демилгеси коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу мыйзамдын долбоорун талкуулаган тегерек үстөлдө депутат Алманбет Шыкмаматов билдирди. 

Анын айтымында, жаңы демилгелер негизинен Коомдук каналдын байкоочу кеңешине тиешелүү. Анда белгиленгендей байкоочу кеңеш - корпорациянын редакциялык жана кадр саясатына кийлигишпейт. Аны менен катар тышкы субъектилердин телеканалдын ишмердигине кийлигишүүсүнө жол бербеген, мекемени ар кандай таасир этүүчү факторлордон коргоого ала турган органга айланышы керек. 

Ошондой эле, долбоордо Коомдук каналдын бюджети, байкоочу кеңештин отчету жана жетекчилик кызматтарга дайындоо менен иштен бошотуу нормалары каралган. Талкууда КТРК жөнүндөгү мыйзам 2011-жылы кабыл алынганы, азыркы өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизген муктаждык - телеканалдын деңгээлин дагы жогорулатуу максатында пайда болгону белгиленди.