Жаңылыктар
Мамлекетке 1 миллиард сомдон ашык суммадагы зыян келтирүү фактысы аныкталды
Коррупция
Мамлекетке 1 миллиард сомдон ашык суммадагы зыян келтирүү фактысы аныкталды

Мамлекетке 1 миллиард сомдон ашык суммадагы зыян келтирүү фактысы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, өкмөттүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги токтому менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагында жалпы аянты 25,270 га болгон Сандалаш корголуучу аймагы уюштурулган. Ал эми 2012-жылдын август айында өкмөттүн токтому менен компаниялардын бирине алтынды иштетүү үчүн 3661 га жер тилкеси берилген, анын бир бөлүгү (1124,7 га) жогоруда аталган коруктун жерлерине таандык жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы болуп саналат. 

Мамлекеттик органдардын кызмат адамдары, мыйзамдарда белгиленген тартипти бузуу менен, жогоруда аталган жерлердин категориясын которбостон жана токой чарбасынын жана айыл чарба өндүрүшүнүн чыгымдарынын ордун толтурбастан, аларды тоо-кен компаниясына убактылуу пайдаланууга мыйзамсыз беришкен, натыйжада мамлекетке 1 миллиард сомдон ашык зыян келтирилген. Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды, - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.