Жаңылыктар
Азербайжанды кымбатчылык каптап, жумушсуздук күчөдү
Дүйнө
Азербайжанды  кымбатчылык каптап, жумушсуздук күчөдү

Азербайжанда кризис каптады. Кымбатчылык менен жумушсуздук күчөгөндөн улам Азербайжандын жер-жеринде жүздөгөн адамдар нааразычылыгын билдирип, көчөлөргө чыккан. Кечээ болсо өлкө бийликтери бир катар аймактардагы нааразылык акцияларынан кийин активисттерди камакка ала баштады.

Кошумчалай кетсек, Азербайжанда банктарга тиешеси жок акча алмаштыруучу жайлардын баарынын лицензиясы бийлик тарабынан алынган. Мындай кадам улуттук акча - манаттын куну күн санап ылдыйлап бараткан учурда жасалды.

Өлкөнүн борбордук банкы мунайдын дүйнөлүк баасы арзандап кетишинен улам манаттын кунун эркин кое берүүгө аргасыз болгон. Мындан улам манат долларга карата 40%га чейин арзандап кеткен. Бул өз убагында өлкөдө азык-түлүккө болгон баанын жогорулашына алып келүүдө.