Жаңылыктар
Россияда бир жылдын ичинде мигранттар дээрлик 23% азайды
Дүйнө
Россияда бир жылдын ичинде мигранттар дээрлик 23% азайды

Өткөн жылдын сентябрь айына салыштырмалуу Россияда эмгек мигранттары 22,5% азайып, 1,8 миллионду түздү. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) статистикалык баяндамасында жазылган.

Мекеменин маалыматына караганда, былтыр сентябрда мигранттардын саны 2,3 миллиондон ашык болчу. Быйыл бардык категориялар боюнча чет өлкөлүк жумушчулар азайган — патент менен иштегендер 21,1%, иштөөгө уруксаты бар мигранттар 30%.

Россияда иштеп жүргөн Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жарандары 26%, 450 миңден 333 миңге чейин азайды.

Россиянын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги чет өлкөлүк жумушчулардын көбүн визасыз иштегендер түзөрүн билдирди. Алардын басымдуу бөлүгү КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары.

Өткөн айда Москванын мэри Сергей Собянин 2020-жылы шаарда мигранттар 40% азайганын билдирген. «Москвада мигранттардын азайышына байланыштуу маселе бар. Айрым маалыматтар боюнча алар 40% азайды», – деген Собянин.

Мэр бул көрүнүш Москванын эмгек базарына, анын ичинде турак-жай-коммуналдык тармагына өзгөчө терс таасир этип жатканын белгилеген. «Бул күрөк, шыпыргы жана лом менен иштей турган жумуштар. Москвалыктардын баары эле мындай жумуштарда иштөөгө даяр эмес», — деп билдирген Собянин.

Стратегиялык иштеп чыгуулар борборунун маалыматына караганда, коронавирус пандемиясына байланыштуу мигранттардын Россиядан чыгып кетишинен улам компаниялардын 40% жумушчу күчтүн тартыштыгын жаралды.