Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин имаратынын айланасындагы тосмо алынып жатат
Саясат
Жогорку Кеңештин имаратынын айланасындагы тосмо алынып жатат

6-ноябрда Бишкек мэриясына караштуу «Тазалык» муниципиалдык ишканасынын кызматкерлери Жогорку Кеңештин имаратынын айланасындагы темир тордуу ала баштады.

Бул чечим 5-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун мэрге жазган расмий катынан кийин аткарылган.

Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев имараттын тегерегин көрктөндүрүү боюнча иш башталарын айтты.

"Бул тосмону алуу идеясы премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго таандык. Муну символикалуу көрүнүш десек болот. Эл менен бийликтин ортосундагы тосмону алуу демилгеси болуп саналат", - деди Түлөбаев.

Ал эми алынган темир тосмолор кайсыл жакка берилери тууралуу азырынча чечим чыга элек. Түлөбаевдин айтымында, имараттын жанындагы 7-апрель окуяларынын курмандыктарынын аттары жазылган эстелик такта алынбайт.

Тосмону алууну Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов да көзөмөлдөп турду. Парламенттин имараты Кыргызстандын өзгөчө коргоого алынган объектиси болуп саналат.