Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Тяньцзинь шаарындагы «Жайкы ДавОс-2016» дүйнөлүк экономикалык форумунун ачылышына катышты. Эскерте кетсек, өкмөт башчы жетектеген делегация форумга - Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян жана дүйнөлүк экономикалык форумдун президенти Клаус Швабдын чакыруусу менен барган.
Иш-чарага 90 мамлекеттен барган делегациялар катышууда. Форумда дүйнөлүк экономиканы жаңы тобокелдиктерди эске алуу менен модернизациялоо маселеси талкууланууда. Эскерте кетсек мындай дүйнөлүк экономикалык форум алгач ирет 2007-жылы сентябрь айында Кытайдын Ляонин провинциясында өткөн. Кыргызстан форумга экинчи ирет катышууда. Биринчи жолу 2011-жылы катышса, андан кийин учурда өтүп жаткан жыйынга барды.