Жаңылыктар
Чүй облусунда жогорку билимдүү дарыгерлер жана орто билимдүү адистер жетишпей жатат
Ден соолук
Чүй облусунда жогорку билимдүү дарыгерлер жана орто билимдүү адистер жетишпей жатат

Республика боюнча медициналык орто билими бар дарыгерлер жана адистер жетишсиз. Айрыкча, Талас менен Чүйдүн медициналык мекемелеринде өпкө дарыгерлери, анестезиолог, реаниматологдор жетишпейт.


Медицина тармагында ак халатчандардын орду өзгөчө. Бирок дасыккан кадрлардын жетишсиздиги азыр өлкөнүн чоң көйгөйү болуп турат. Расмий маалымат боюнча Чүй облусунда жогорку билимдүү дарыгерлер жана орто билимдүү адистер жетишпей жатат.

Оору күч алган мезгилде ушундай эле кырдаал, кадрлардын жетишсиздиги Чүй облустук бириккен ооруканасында да байкалган. Көп тармактуу ооруканада кошумча керебеттердин ачылышы менен медицина кызматкерлери кооптуу тумоону аныктоо жана дарылоо боюнча аралыктан окууга аргасыз болушкан.