Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова Эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болушту
Спорт
Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова Эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болушту

«Poland Open» эл аралык мелдешинде кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама тобу 2 алтын медаль жеңди. Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова 62 кг чейинки салмактык категорияда биринчи орунга ээ болду. Алгачкы жолугушууда ал Россиянын спортчусун мөөнөтүнөн эрте жеңип алган. 

Ал эми жарым финалда Африканын чемпиону менен беттешип, аны артка калтырды. Финалдык беттеште Айсулуу Россиянын спортчусун жеңип, алтын медаль тагынды. Экинчи алтын медалды 68 кг чейинки салмактык категорияда күрөшкөн Мээрим Жуманазарова алып келди. 

Чейрек жана жарым финалдарда Россия менен Түркиянын спортчуларын жеңип, финалда Польшанын спортчусу менен беттешип, биринчиликти алды. Белгилей кетсек, мелдеш 4-ноябрда башталган. Кыз-келиндер күрөшү боюнча беттеш 6-7-ноябрь күндөрү өттү. Курама команданын мелдешке катыша турган чыгымдары Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган.





Флаги блока: