Жаңылыктар
Пенсия менен жөлөк пул үзгүлтүксүз берилет
Экономика
Пенсия менен жөлөк пул үзгүлтүксүз берилет

2020-жыл үчүн пенсиялык төлөмдөргө 48 миллиард сомго жакын каражат каралган. Бир айга 4 миллиард сомдой сарпталат. 1-октябрдан тартып кайра эсептөөдөн улам октябрь, ноябрь, декабрь айларына дагы кошумча 828 миллион сом керектелет. Кыргызстанда 690 миңдей пенсионер бар. 

Алардын дээрлик алтымыш пайызы банк кызматын пайдаланат. Калган 40 пайызына каражатты почта кызматкерлери жеткирип берет. Кайра эсептөөдөн кийин пенсиянын орточо көлөмү 6061 сом деп белгиленди.