Түндө Бишкек шаарындагы Орто-Сай базарынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан маалымдашты. Түнү менен өрттү өчүрүү иштери уланып, ага ӨКМнын 5 бөлүм, 1 Авто шаты, 1 суу ташуучу унаа, ККББдан ыкчам топ, Штаб тартылган.
Мындан тышкары ИИМ тараптан 10 кызматкер, Тез жардам кызматы жана РЭТтен 1 бригада тартылган. Ыкчам аракеттин арты менен түнкү саат 2лерде өрт чектөөгө алынган.