Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова башында турган балбан кыздар Польшада машыгуусун баштады
Спорт
Айсулуу Тыныбекова башында турган балбан кыздар Польшада машыгуусун баштады

 Айсулуу Тыныбекова башында турган Кыргызстандын күрөш боюнча кыздар курама командасы Польшада окуу-машыгуусун баштады. Бул тууралуу башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков билдирди. Окуу-машыгуу өлкө борборунан анча алыс эмес жердеги Олимпиадалык базада өтүп жатат. 

Курамына Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Назира Марсбек кызы, Нураида Анаркулова жана Айпери Медет кызы кирген команда олимпиадалык жолдомо ойнотулуучу мелдештерге даярдыкты баштады. "Эң башкы максат — Токио олимпиадасына лицензия ойнотулуучу медештерге карата даярдык көрүү. Мелдештер Дүйнөлүк күрөш уюмунун чечими менен былтыр белгиленген жерлерде өтмөй болду. Бул адегенде март айында Болгариянын София шаарында, андан соң апрелде Кытайдын Сиань шаарында болот", — деди Изабеков. 

Анын алдына балбан кыздар Poland open рейтингдик мелдешке катышкан. 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова жана 68 килограммда Мээрим Жуманазарова алтын байгеге ээ болду. Кыргызстандын күрөш боюнча кыздар курама командасынан азырынча Айсулуу Тыныбекованын гана Токио Олимпиадасына лицензиясы бар. Ал 2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде чемпион болгон.