Жаңылыктар
Тбилисиде миңдеген адамдар парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп көчөлөргө чыгышты
Дүйнө
Тбилисиде миңдеген адамдар парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп көчөлөргө чыгышты

Анда оппозиция лидерлери Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчисин кызматтан кетирүү талабын коюшту. Нааразычылык акциясы полиция менен кагылышууга чейин жетип,бир нече адам жабыркады. Көздөн жаш агызуучу каражаттар колдонулганы тууралуу маалыматтар жарыяланды. Бирок Грузиянын Ички иштер министрлиги бул маалыматтарды четке какты. 

Эске салсак өлкөдө парламенттик шайлоо 31-октябрда болуп өткөн. Шайлоонун жыйынтыгы жарыяланышы менен өлкөнүн ар кайсы аймагында калк нааразычылык акцияларына чыгышты. БШК тараткан маалыматка ылайык шалоодо "Грузин кыялы" партиясы 48% добуш топтоп жеңишке жеткен. 

Ал эми курамына Саакашвилинин "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясы кирген "Күч биримдикте" оппозициялык блогу 27% добуш топтогон. Парламентке өткөн бардык оппозициячыл партиялар "Масштабдуу добуш уурдоо" болду деген айыптоолор менен мандат алуудан баш тартып, кайрадан шайлоо өткөрүү талабын коюшту. Башкаруудагы "Грузин кыялы" партиясы болсо шайлоо демократиялык жол менен таза өттү деп, айыптоолорду четке кагууда.