Жаңылыктар
Тоолуу Карабахта кармаш уланууда
Дүйнө
Тоолуу Карабахта кармаш уланууда

Азербайжан президенти Ильхам Алиев Тоолуу Карабах аймагындагы стратегиялык жана тарыхый маанилүү Шуша шаары алынгандыгын жарыялады. Ошол эле учурда Армениянын Коргоо министрлиги күрөш уланып жатканын айтып, бул маалыматты төгүндөдү. Кененирээк кийинки материалда.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев өлкөнүн аскер күчтөрү стратегиялык жана тарыхый мааниге ээ болгон Шуша шаарын колго алганын билдирди. Ал Баку шаарынан 11 километр алыс жайгашып, Тоолуу Карабах республикасы тарабынан таанылган эмес. Бул шаар аркылуу Армениянын борбору менен туташтыруучу жол өтөт.

Ошол эле убакта Армениянын Коргоо министрлиги Азербайжан лидеринин билдирүүсүн четке какты. Министрликтин расмий сайтында Тоолуу Карабахка ракета менен чабуул коюлганы тууралуу маалымат жайгаштырылды. Азербайжандын Коргоо министрлиги шаар толук бойдон көзөмөлдө экенин кошумчалап кайрадан билдирүү таратты. Азербайжандын эли туу көтөрүп көчөлөргө чыгышты.

Жекшемби күнү Баку шаарына Түркиянын Тышкы иштер жана Коргоо министри Мевлют Чавушогли жана Хулуси Акар өлкө башчысы Алиев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн келди.

Армениянын Коргоо министри Арцрун Ованнисян өзүнүн фейсбук баракчасна “Шушада күрөш уланып жатат. Биздин армияга ишеним билдирип, жыйынтыкты күтүңүздөр” деп жазды. Ал арада Армения менен Азербайжан бири-бирин согуштук аракеттерди баштагандыгы үчүн айыпташты. Ереван шаарынын тургундары Азербайжан тараптын маалыматтарына ишенбей турганын айтышты.