Жаңылыктар
Пандемия маалында экспорттун көрсөткүчү дээрлик 22 пайызга кыскарды
Экономика
Пандемия маалында экспорттун көрсөткүчү дээрлик 22 пайызга кыскарды

Өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү январь-август айларында 3 млрд 496 млн долларды түзүп, өткөн жылдын ушул убактысына салыштырмалуу дээрлик 22 пайызга кыскарды. Бирок экспортто бир аз өсүү бар. Ал 8 айдын жыйынтыгы менен 3,5 пайызды түздү. Коронавирус илдетине байланыштуу чек аралар жабылып, бул өз кезегинде экономикалык тармактардын солгундашына алып келди.

Ушул жылдын январь-август айларында экспорттун көлөмү 3,5 пайызга жогорулап, өткөн жылга салыштырмалуу 264 млн долларга көп болду. Өлкө экспортунун негизги бөлүгүн алтын түзөт, быйыл бир эле Улуу Британияга 676 млн долларга эсептелген алтын сатылды. Ал жалпы экспортун 53 пайызын түзөт.