Жаңылыктар
Япония Олимпиадага чет өлкөлүктөрдүн келишинин шарттарын жарыялады
Дүйнө
Япония Олимпиадага чет өлкөлүктөрдүн келишинин шарттарын жарыялады

Япон бийлиги Токиодогу 2021-жылы өтө турган Олимпиадага келе турган чет элдиктерди коронавирус тесттери терс чыга турган  болсо, эки жумалык карантинден бошотууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу 11-ноябрь, шаршемби күнү Kyodo агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, келгенге чейин терс тесттин жыйынтыгы боюнча бир нече сертификаттардын болушу милдеттүү экендиги белгиленди. Ошондой эле, шаар бийлиги чет элдик коноктордун кыймылын көзөмөлгө алат. Ошол эле учурда, Япония өкмөтү COVID-19 оорусу менен оор эпидемиологиялык кырдаалга туш болгон өлкөлөрдүн жарандарына толугу менен кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн деген вариантты карап жатат.

Эске салсак, коронавирус пандемиясынын айынан бир жылга жылдырылган Токио-2020 Олимпиадасы 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтүшү керек.

Японияда Оюндарга даярдык үч принциптин негизинде уланууда: коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу, чыгымдарды минималдаштыруу жана алардын форматтарын жөнөкөйлөтүү.