Жаңылыктар
Жалал-Абаддан жакшы саамалык: өрт-куткаруу бөлүмдөрүн жаңылоо жумуштары аткарылды
Өзгөчө кырдаал
Жалал-Абаддан жакшы саамалык: өрт-куткаруу бөлүмдөрүн жаңылоо жумуштары аткарылды

КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын райондук жана шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүндө иштеген аскер кызматкерлерине, мамлекеттик жана техникалык кызматкерлерине толук кандуу шарт түзүп берүү максатында өрт-куткаруу бөлүмдөрүн өздүк курамдын  күчү менен жаңылоо иштери аткарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Материалдык техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы капитан  Алтынбек Токтоноев  билдирди.

Анын айтымында,  Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр шаардык жана Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Ала-Бука, Аксы, Тогуз-Торо, Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн 13 өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүндө жаныдан бир типтеги  сырткы дарбазалары  жана көзөмөлдөп өткөрүү жайлары курулду. Ошондой эле 21 өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнүн бокстары бирдей түстө сырдоо жумуштары аткарылды.

         Ал эми Жалал-Абад, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр шаардык жана Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Ала-Бука, Аксы, Тогуз-Торо, Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн 16 өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүндө имараттын короолору тосмо менен  тосулду.

         Жалал-Абад, Таш-Көмүр шаардык жана Сузак, Аксы, Токтогул  райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн  6 өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүндө имараттын эски айнек, эшиктери алмаштырылды жана эс алуучу бөлмөлөрү ондолду.

         “Аталган иштерге ӨКМден бөлүнгөн акча каражаты бөлүнүп,  мамлекеттик сатып алуулар жолу менен 1млн464миң398 сомдук курулуш материалдары сатылып алынган.  Мындан тышкары КР ӨКМнен 20860 кг арматура жана 314 даана шифер бөлүнүп берилген. Мындан тышкары Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр шаардык жана Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Ала-Бука, Аксы, Тогуз-Торо, Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн 21 өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүндө аткарылып жаткан жумуштарга демөөрчүлөр тарабынан  669 079 сомдук курулуш матералдары жардам катары көрсөтүшкөн”, - деди ал.