Жаңылыктар
Мамагенттик жана Салттуу спорт, элдик оюндар жана маданият ассоциациясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Спорт
Мамагенттик жана Салттуу спорт, элдик оюндар жана маданият ассоциациясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту

Бүгүн, 11-ноябрда, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев жана Салттуу спорт, элдик оюндар жана маданият ассоциациясынын президенти Алмазбек Касенов Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен Салттуу спорт, элдик оюндар жана маданият ассоциациясы ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.

Меморандумга ылайык Мамагенттик менен Ассоциациянын казматташуусу  төмөнкү багыттарда жүргүзүлөт:

1)      Кыргыз Республикасында салттуу спорттун түрлөрүнүн жана элдик оюндарынын саясатын жана аларды өнүктүрүүнүн башкы багыттарын аныктоо;

2)      машыктыруучуларды жана калыстарды окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу;

3)      эл аралык аренада Кыргыз Республикасынын спорттун улуттук түрлөрүн илгерлетүү;

4)      спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар үчүн инвестицияларды тартуу, инфраструктураны колдонуу сапатын жогорулатуу;

5)      калктын басымдуу бөлүгүн дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга чакыруу жана башка багыттар.