Жаңылыктар
Селден дагы бир айыл тургундары жабыркады
Өзгөчө кырдаал
Селден дагы бир айыл тургундары жабыркады

Токтогул районунунда кечээ жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен улам сел жүрдү. Жергиликтүү тургундар билдиргендей, сел 3 айылдык округда катталды. Короолоруна чейин кирип келген суу  айыл тургундарынын ээсин оодарып, кыйын абалга алып келгени тууралуу маалымат  КТРКнын "Элдик репортер" рубрикасына келип түштү. Өзгөчө кырдаалга кабылган айылдын жагдайы төмөнкү сүрөттөрдө камтылган.