Жаңылыктар
Финансы полициясы мамлекеттик бюджетке 280 миллиондон ашык суммадагы дагы бир жолу өндүрүү кылды
Кылмыш
Финансы полициясы мамлекеттик бюджетке 280 миллиондон ашык суммадагы дагы бир жолу өндүрүү кылды

Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы “Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан, өлкө жетекчилигинин Жарлыктарынан, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдеринен келип чыккан талаптарга ылайык, экономикалык жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү, ошондой эле мамлекеттик бюджетке келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу боюнча иштер жеткиликтүү деңгээлде жүрүп жатат.

Ошентип, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “А.К.” ЖЧК карата мамлекеттин бюджетине тиешелүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактысы боюнча ушул жылдын октябрь айында 281 миллиондон көп сом өндүрүлгөн.

Азыркы убакта, Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыздоо жана экономикалык, коррупциялык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иш-чараларды улантып жатат.