Жаңылыктар
АКШ жана Пакистан менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык
Саясат
АКШ жана Пакистан менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык

Төрага Чыныбай Турсунбеков АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни айымды кабыл алды. Төрага АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө бардык аракеттер жумшаларын белгиледи. 

Ал эми Шейла Гуолтни айым, АКШ тарап Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан демократиялык реформаларга ар тараптуу көмөк көрсөтүүнү уланта бере турганын белгиледи. 

Ошондой эле бүгүн төрага Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Кази Хабиб Ур Рехманды кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты жандандыруу боюнча сөз болду. 

Мындан сырткары, төрага - "CASA-1000" долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кыргызстан келечекте электр кубатын Пакистанга экспорттоого мүмкүнчүлүк алганын белгиледи.