Жаңылыктар
Кой-Таш окуясы боюнча сот: чуулгандуу ишти башка сот карай турганы белгилүү болду
Кыргызстан жаңылыктары
 Кой-Таш окуясы боюнча сот: чуулгандуу ишти башка сот карай турганы белгилүү болду

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук кароо улантылды. Жараянга жарым жылга жакын убакыттан кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кайрадан катыша баштады. Ошондой эле отурумда чуулгандуу ишти башка сот карай турганы белгилүү болду. Ага соттолуучу Ирина Карамушкинанын жактоочусу судья Марат Сыдыковдун ишти кароодон четтетүү тууралуу өтүнүчү негиз болгон.

Кой-Таш окуясында орун алган мыйзамсыз аракеттерден кийин, ИИМдин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен бешөө тергөө менен кызматташууга барып, иши өзүнчө тергелип жатат. Калган 14 кишинин иши сотто каралууда. Дээрлик беш айдан кийин Атамбаев кайра сотко алынып келинди. Ал 1-июндагы отурумда Атамбаев сот залындагы тосмого кирүүдөн баш тарткандыктан судья аны сотко катыштырбай койгон.

Бүгүнкү отурумда күбөлөр суралды. Жалпысынан 250дөй күбө бар, алардын 11и көрсөтмө берип бүттү. Соттолуучуларга сөз күбөлөрдөн кийин берилет. Бир жыл мурда Кой-Таштагы кагылышууда 200дөн ашуун адам жабыркап, бир офицер ок жеп каза болгон. Бул иш боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Барымтага алуу» беренелери менен кылмыш иши ачылган.