Жаңылыктар
Акыркы он айда каржы министрлиги 110 млрд сом киреше чогултууну көздөгөн
Экономика
Акыркы он айда каржы министрлиги 110 млрд сом киреше чогултууну көздөгөн

Коммерциялык банктардан 100 миң сомго чейин насыя алган жарандарга өкмөт үстөк пайызын төлөөгө жардам берет. Буга 1 млрд 200 млн сом жумшалаарын Каржы министри Кыялбек Мукашев билдирди. Министр ошондой эле, тышкы карызды төлөө, жыл соңуна чейинки бюджет жана мекеменин акыркы 10 айдагы ишмердиги тууралуу маалымат берди.

Коммерциялык банктардан насыя алган жарандарга жардам берүү тууралуу Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров эл менен жолугушуу учурунда билдирген. Өкмөт 100 миң сомго чейинки насыялардын үч айлык декабрь, январь жана февраль айларына үстөгүн төлөп берүүнү пландап жатат. Буга бюджеттен 1 млрд 200 млн сом жумшалмакчы. Тиешелүү токтомдун долбоору өкмөттүн кароосуна киргизилди. 

Акыркы он айда каржы министрлиги 110 млрд сом киреше чогултууну көздөгөн. Бирок, бул көрсөткүч 88 пайызга гана аткарылды. Буга карабастан өкмөт бардык социалдык милдеттенмелерин аткарды. Октябрь айына пенсия, жөлөк пул, милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана коммуналдык кызматтар толук көлөмдө төлөнгөн. Аны менен катар коронавирус боюнча иш-чаралардын бардыгы өз убагында каржыланууда. Мындан сырткары, эл аралык каржы институттарынан келе турчу каражаттар боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.