Жаңылыктар
Жаңы курамдагы БШКнын алгачкы отуруму
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы курамдагы БШКнын алгачкы отуруму

Нуржан Шайлдабекова Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы болуп дайындалды. Боршайкомдун жаңы курамы бүгүн жыйынга чогулуп, анда ачык добуш берүүнүн негизинде шайлоо комиссиясынын жетекчилигине талапкер болуп жаткан Шайлдабекованы бир добуштан колдошту. 

Жаңы шайланган жетекчи эмгек тажрыйбасын улуттук университетте окутуучулуктан баштаган. Кийинчерээк өкмөттүн жана президенттин аппараттарында иштеген. 

Быйыл 23-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан Боршайкомдун мүчөсү болуп шайланып, анын талапкерлигин Президент Алмазбек Атамбаев көрсөткөн. БШКнын алгачкы жыйынында жетекчинин эки орун басары дагы шайланды.