Жаңылыктар
Бишкекте өрт кырсыгынан бир адам каза болду
Кырсык
Бишкекте өрт кырсыгынан бир адам каза болду

Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады. 

Бишкек шаарында 1 өрт, Ысык-Көл облусунда 4 өрт, Нарын жана Баткен аймактарында 2, Ош жана Жалал-Абад шаарында 1 өрт кырсыгы орун алды.

Бишкекте Ахунбаев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде аянты 20 чарчы метрди түзгөн вагон толугу менен күйүп кетти. Өрттүн кесепетинен бир адам каза болду. Каза болгон жаран милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилип, өздүгү такталууда. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө. Өрт тууралуу маалымат саат 20: 36да келип түшүп, окуя болгон жерге 1 өрт өчүрүү тобу барган. ӨКМ билдиргендей, тилсиз жоо саат 21: 10до толугу менен өчүрүлгөң.

Жети-Өгүз районунун Желе-Дабу айылында үйдүн короосунан 450 түк чөп күйүп кетти. Каракол шаарында кампанын чатыры күйүп кетти. Күйүү аянты 45 чарчы метрди түздү