Жаңылыктар
Өзгөчө айкалыштагы 45 унаа номери сатылды
Кыргызстан жаңылыктары
 Өзгөчө айкалыштагы 45 унаа номери сатылды

Бир күндө, тамгалардын өзгөчө айкалышы бар 45 унаа номери сатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө, автоунаа номерлеринин жалпы наркы 780 миң сомду түзгөнү белгиленип, пайданын 91 пайызы мамлекеттик бюджетке которулат. Жакынкы аралыкта жалпы старттык баасы 7 миллион 604 миң сомду түзгөн 158 аукцион өткөрүү пландалууда. 

Белгилей кетсек, 11-ноябрда nomer.srs.kg онлайн аукциондорунун жаңыртылган сайты ишке кирди. Инновация унаа ээлеринин санарип айкалыштарын гана эмес, тамгаларын да тандоо каалоосу жөнүндө көп сандаган кайрылууларынын негизинде киргизилген.

.