Жаңылыктар
Түркия COVID-19га байланыштуу коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салды
Дүйнө
Түркия COVID-19га байланыштуу коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салды

Түркияда бийлик коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салды. Бул тууралуу ички иштер министри Сулейман Сойлу билдирди деп жазат Cyprus mail.

Анын айтымында, тамеки тартууга тыюу салынса, коомдук жайларда маска кийип, аларды чечпөөгө толук мүмкүнчүлүк болот.

" Беткаптарды туура кийүүнү камсыз кылуу максатында, 2020-жылдын 12-ноябрынан тарта жарандар чогулган көчөлөрдө жана проспекттерде тамеки тартууга тыюу салынат", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Түркиянын Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа медициналык масканы кийүү жана социалдык дистанция эрежелерин көз жаздымда калтырбоого үндөгөн.

Түркиянын президенти Тайип Эрдоган өткөн жумада ресторандар, кафелер, бассейндер жана кинотеатр сыяктуу бардык ишканалар күн сайын саат 22: 00дө жабыларын жарыялаган.

Түрк лидеринин айтымында, эл көп чогулган жерлерде, анын ичинде базарларда пандемияга каршы чаралардын сакталышына көзөмөл күчөтүлөт.