Жаңылыктар
С.Жапаровдун маалымат жыйынына чет өлкөлүк ЖМКдан 148 журналист аккредитациядан өттү
Саясат
С.Жапаровдун маалымат жыйынына чет өлкөлүк ЖМКдан 148 журналист аккредитациядан өттү

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Маалымат жыйынына 86 республикалык жана чет өлкөлүк ЖМКдан 148 журналист катталды.

Маалымат жыйыны Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана башка республикалык телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.