Жаңылыктар
«Жайкы Давос-2016»: бул форум Кыргызстан үчүн маанилүү
Экономика
«Жайкы Давос-2016»: бул форум Кыргызстан үчүн маанилүү

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Тяньцзинь шаарындагы «Жайкы Давос-2016» дүйнөлүк экономикалык форумуна онунчу юбилейлик жыйынына катышууда.

Экономикалык форумга 90 мамлекеттен өкүлдөр келген. Анын ичинен Кыргызстан, Түштүк Корея жана Кытай мамлекеттеринин премьер-министрлери катышууда.

«Жайкы Давос-2016» Дүйнөлүк экономикалык форуму алгач ирет 2007-жылы сентябрь айында Ляонин провинциясынын Далянь шаарында өткөн. Биринчи кеңешменин ишине дүйнөнүн 90 өлкөсүнөн 1700 жакын өкүл катышкан. Катышуучулар тарабынан дүйнөлүк соода, жаңы ийгиликтүү ишканалардын үлгүлөрү жана аспаптары, ошондой эле глобалдык чакырыктарга каршы туруу жолдору талкууланган.

М. Абдраманова, "Биринчи радио"