Жаңылыктар
Дзюдо боюнча курама команда Ысык-Көлдө даярданышууда
Спорт
Дзюдо боюнча курама команда Ысык-Көлдө даярданышууда

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын 2020-жылга карата окуу-машыгуу жыйындарынын календардык планына ылайык, ошондой эле, рейтингдик Азия чемпионатына даярдык көрүү максатында Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасы Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) окуу-машыгуу жыйын өткөрүп жатышат.

Жыйын 2020-жылдын 11-ноябрында старт алып, 25-ноябрына чейин уланат.

Спортчулардын тизмеси:     

  1. Кубанычбек Айбек уулу, 2000 ж.т., КРнын спорт чебери (СЧ), салмактык категориясы – 60 кг;
  2. Отар Бестаев, 1991 ж.т., КРнын эл аралык даражадагы спорт чебери (ЭДСЧ), 60 кг;
  3. Ханболот Ырысбеков, 2002 ж.т., СЧ, 60 кг;
  4. Артур Те, 1994 ж.т., ЭДСЧ, 66 кг;
  5. Байбол Саламат уулу, 2000 ж.т., спорт чеберлигине талапкер (СЧТ), 66 кг;
  6. Чынгызхан Сагыналиев, 2002 ж.т., СЧ, 66 кг;
  7. Эртур Турдубаев, 1998 ж.т., СЧ, 73 кг;
  8. Бексултан Султанов, 1997 ж.т., СЧ, 73 кг;
  9. Владимир Золоев, 1993 ж.т., ЭДСЧ, 81 кг;
  10. Асад Масабиров, 2000 ж.т., СЧТ, 81 кг;
  11. Ишен Аманов, 1998 ж.т., СЧ, 81 кг;
  12. Арсений Кладнов, 2002 ж.т., СЧТ, 81 кг;
  13. Сыймык Жапаров, 2001 ж.т., СЧ, 90 кг;
  14. Эрлан Шеров, 1998 ж.т., СЧ, 90 кг;
  15. Адиль Мырзаев, 2000 ж.т., СЧ, 90 кг;
  16. Эламан Генжебаев, 1997 ж.т., СЧТ, 90 кг;
  17. Анарбек Ишенбаев, 2000 ж.т., СЧТ, 100 кг;
  18. Тилек Абибеков, 2002 ж.т., СЧТ, 100 кг;
  19. Алмамбет Мамазаиров, 2000 ж.т., СЧТ, 100 кг;
  20. Юрий Краковецкий, 1992 ж.т., ЭДСЧ, 100 кгдан жогору;
  21. Керим Казатов, 1998 ж.т., СЧ, 100 кгдан жогору;
  22. Иса Бичанов, доктур;
  23. Сергей Кладнов, машыктыруучу;
  24. Сергей Мистрюков, улук машыктыруучу;
  25. Абдужалил Юнусов, башкы машыктыруучу.

Белгилей кетсек, улуттук курама команданын окуу-машыгуу жыйыны Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган.