Жаңылыктар
Коррупцияга шектелип, Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы кармалды
Коррупция
Коррупцияга шектелип, Бишкек шаарынын  райондор аралык сотунун судьясы кармалды

Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы сот тутумунун, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана башка жетекчилер катышкан коррупциялык схеманы аныктап, бөгөттөдү.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2016-жылы айрым адамдар (кылмыштуу элементтер) материалдык пайда көрүү максатында, өз байланыштарын пайдаланып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кызмат адамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, ошондой эле айрым судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери тарабынан “Г.Э.” ЖЧКнын кызыкчылыгын көздөп, сот иштерин жана сот чечимдерин жасалмалоо жолу менен М.Бакиевдин филиалдарына таандык мүлктөн камакка алууну мыйзамсыз алып салышкан.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) менен каралган белги боюнча кылмыш иши козголгон.

Үстүбүздөгү жылдын 11-ноябрында, коррупцияга  шектелип тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаардык сотунун  жарандык иштер боюнча секторунун башчысы Ч.С.  деген жаран кармалды.

Ошондой эле, коррупцияга шектелип, Бишкек шаарынын райондор аралык  сотунун судьясы Ж.Н. кармалды

Азыркы убакта бул кылмышка тиешеси бар башка жогорку кызмат адамдарынын жүргөн жерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.