Жаңылыктар
Жаратылыш кырсыктары күч алды
Өзгөчө кырдаал
Жаратылыш кырсыктары күч алды

26-июндан 28-июнга чейин Кыргыз, Тажик жана Кытай Эл Республикасынын чек арасында, Алай тоо кыркаларында бардыгы болуп, жалпысынан 29 жолу 3 баллдан 5 баллга чейин  майда  жер титирөөлөр кайталанып турду. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок. Жер титирөөнүн күчү Ош облусунун аймагында орточо эсеп менен 4-5 баллга чейин сезилди.

27-июнда  өлкө аймагында жааган нөшөрлүү жаандан  Чүй, Талас  жана Жалал-Абад облустарынын бир катар  айылдарында  турак жайлар, айыл чарба  жерлери жана ички чарбалык жолдорду сел каптады.  Учурда   табигый кырсыктан жабыркаган айыл аймактары  жарандык коргонуу  комиссиясы   тарабынан иликтөөгө  алынды.  Өзгөчө   кырдаалдар  министрлигинин  басма сөз кызматынан  алдын ала берилген маалыматтарга караганда,  адам өмүрүнө коркунуч келген жок.