Жаңылыктар
Түркиянын президенти орус учкучунун үй-бүлөсүнөн кечирим сурады
Саясат
Түркиянын президенти орус учкучунун үй-бүлөсүнөн кечирим сурады

 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган орус учкучунун үй-бүлөсүнөн кечирим сурады. Анын Владимир Путинге жолдогон катында Орусия өз өлкөсүнүн досу жана стратегиялык өнөктөшү экени, түрк бийлиги мамилени бузууну каалабастыгы белгиленет. Эске сала кетсек, былтыр 24-ноябрда Сириянын чек-арасында Су-24 учагын түрк истребители атып түшүргөн эле. Кремль Анкарадан кечирим суроону талап кылып, бирок окуя үчүн эки тарап бири-бирин айыптаган.

Орус президентинин сайтында түрк лидеринен кайрылуу кат келгени, анда Эрдоган учкучтун үй-бүлөөсүнөн кечирим сураганы тууралуу маалымат жарык көрдү.

“Владимир Путин орус учагынын кыйроосуна байланышкан  абалды жөнгө салуу тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын кайрылуу  катын алды. Анда Орусия Түркиянын досу жана стратегиялык өнөктөшү экени, түрк бийлиги мамилени бузгусу келбегени айтылат. “Бизде Россия Федерациясына таандык  учакты атайылап атып салуу каалоо болгон эмес. Баардык тобокелчиликти өзүмө  алып, орус учкучунун сөөгүн сириялык оппозициядан Түркияга кайтарып алганбыз.  Тиешелүү жөрөлгөлөр диний жана аскердик процедуралар менен өткөрүлгөн. Бул  иштер биз тараптан түрк-орус мамилесине татыктуу деңгээлде жасалды. Мен  россиялык өлгөн учкучтун үй-бүлөсүнө көңүл айтам: кечиргиле. Учкучтун  үй-бүлөөсүн түрк үй-бүлөсүндөй кабыл алабыз. айгыны  жана келтирилген зыяндын салмагын жеңилдетүү үчүн биз кандай гана демилгелер  болбосун даярбыз”-деп айтылат түрк лидеринин кайрылуусунда”.

Бул орус президентинин сайтында жарык көргөн маалымат. Эрдоган кайрылуу жолдогонун түрк бийлиги да тастыктады. Бул Кремль тарабынан Аксарайга коюлган 3 талаптын бири гана аткарылганын билдирет. Орус бийлиги кечирим суроону, учкуч үчүн кун төлөөнү жана анын өлүмүнө тиешеси бар адамды жазалоону талап кылган. Анкаранын соңку кадамы Орусияда ар түрдүү кабыл алынууда. Түрк президенти орус учкучунун гана үй-бүлөсүнөн кечирим сурап жатат. Ошентсе да, кайрылуу кат өлкө жетекчисинин атына келген. Кандай болгон күндө да Эрдоган кадамы Орусия үчүн маанилүү экенин айтат Россия Федерациясынын Федералдык кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Константин Косачев.

“Түркиянын президенти эрк таап, баарыбыз ушул убакытка  чейин күтүп келген сөздөрдү айтты, болгон окуя үчүн кечирим сурады. Бул аркылуу  Россия менен стратегиялык өнөктөш катары кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин көрсөттү”.

Су-24 учагы 24-ноябрда Сирия менен чектешкен аймакта кыйраган. Расмий Анкара учак өз өлкөсүнүн аба мейкиндигинде уруксатсыз жүргөндүктөн атылганын айтса, орус тарап муну четке каккан.

Калыгул Асамбаев, “Биринчи радио”