Жаңылыктар
Түркия Орусиядан кечирим сурады
Саясат
Түркия Орусиядан кечирим сурады

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын Путинге жазган каты - эки өлкөнүн алакасын калыбына келтирүүгө жасаган кадам экени айтылууда. Кечээ Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусия президенти Владимир Путинге кат жолдоп, анда ".. учкучтун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, дагы бир жолу аза кайгысын тең бөлүшөм. Алар бизди кечиришсин” деп жазган.

Эрдогандын басма сөз катчысы Ибрагим Калын Түркиянын президенти кечирим сураганын ырастап, Орусия менен Түркия көпкө созбой, эки тараптуу мамилени калыбына келтирүү үчүн сүйлөшкөндүгү бизди кубандырат, - деди. 

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу 1-июлда Орусияга иш сапары менен бараары дагы маалым болду. Эске сала кетсек, Түркия Орусиянын Су-24 аскер учагын "эскертүүнү уккан жок, өлкөнүн аба мейкиндигин бузду, " - деп, өткөн жылдын ноябрында атып түшүргөн. Бул окуядан кийин эки мамлекет ортосундагы мамиле кескин начарлап кеткен.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118