Жаңылыктар
Шүкүрбек Бейшеналиевдин жашаган үйүнө мемориалдык тактасы ачылды
Маданият
Шүкүрбек Бейшеналиевдин жашаган үйүнө мемориалдык тактасы ачылды

Кыргыз Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Шүкүрбек Бейшеналиевдин жашаган үйүнө мемориалдык тактасы ачылды. Эки жыл мурда жазуучунун 90 жылдыгы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чара катары белгиленген. 

Эми болсо ордо калаадагы Москва көчөсүндөгү өзү жашап кеткен үйдүн бооруна атайын такта илинди. Иш чарага катышкан замандаштарынын эскерүүсүндө, чыгаан жазуучу балдар адабияты боюнча дүйнөлүк Г.Х. Андерсен атындагы сыйлыкка Кыргызстандан жалгыз татыган. Шүкүрбек Бейшеналиевдин чыгармалары кыргыз жазуучуларынын ичинен алгачкылардан болуп 53 тилге которулган. Ал бир гана чыгармачылыктагы инсан катары эмес, бир катар мамлекеттик кызматтарда эмгектенген белгилүү коомдук ишмер дагы.