Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы Орозо айтты белгилөө күнүн 5-июлга белгиледи. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлагандай, өкмөттүн токтомуна ылайык, Орозо айт жана Курман айт майрам күндөрү иш күн деп саналбайт.
Буга байланыштуу шейшемби 5-июль эс алуу күнү болот.