Жаңылыктар
Улуттук банк ноябрь айындагы алгачкы интервенциясын жасады
Экономика
Улуттук банк ноябрь айындагы алгачкы интервенциясын жасады

Бүгүн 12-ноябрда Улуттук банк 26,8 миллион доллар өлчөмүндө валюта интервенциясын жасады.

Бул жыл башынан бери 16-жолу, ал эми ноябрь айында болгон биринчи интервенция.

Кыргызстандын банктарындагы АКШ долларынын курсу 2020-жылдын 13-ноябрында 84,5-84,6 сомду (сатып алуу) жана 85 сомду (сатуу) түзүүдө. 

Евро 99,5-99,6 сомдон (сатып алуу), 100,2 сомдон (сатуу) сатылууда.