Жаңылыктар
Каирде мамлекеттик кызматкер коррупцияга нааразы болуп өзүн өрттөдү
Дүйнө
Каирде мамлекеттик кызматкер коррупцияга нааразы болуп өзүн өрттөдү

Кызматкер коррупциялык фактыларды аныктап, мамлекетке 1,5 миллион доллардан ашык акчаны кайтарып берген, андан кийин ал кызматтан алынган. Египеттин борборунда, Тахрир аянтында өзүн Мухаммад Хосни аль-Гариб Мустафа деп тааныштырган адам өзүнө бензин чачып, өзүн-өзү өрттөдү.

Бул тууралуу 12-ноябрь, бейшемби күнү Каир полициясынын басма сөз кызматы билдирди. Өзүн-өзү өрттөгөн адам интернетте түз эфир жүргүзгөн. Видеону дагы окуянын күбөлөрү тартып алышкан. Колдонуучулардын айтымында, ал киши өзүн банктын кызматкери деп тааныштырган.

Башка маалыматтар боюнча, ал мамлекеттик кызматкер болгон. Мустафа өзү айткандай, кызмат өтөп жатып, коррупциялык фактыларды таап, мамлекетке 1,5 миллион доллардан ашык акчаны кайтарып берген. Бирок, көп өтпөй аны кызматтан кетирип, үй-бүлөсүн куугунтуктай баштаган. Мындай билдирүүдөн кийин ал киши өзүн-өзү өрттөдү. Видеонун негизинде өтүп бара жаткан адамдар жана полиция ага тоскоолдук кылууга аракет кылышкан, бирок ал эч кимди жанына жолоткон эмес.