Жаңылыктар
Коронавирус кайсы өлкөлөрдө жок ?
Дүйнө
Коронавирус кайсы өлкөлөрдө жок ?

Коронавирус пандемиясы бүт дүйнөнү каптаганы менен,  дүйнөдө COVID-19 жете элек өлкөлөр бар. Бул тууралуу Associated Press инфекция жок өлкөлөр жөнүндө билдирди.

Вирус катталбаган өлкөлөрдүн айрымдары Тынч океанынын түштүгүндө. Алар Тонга, Кирибати, Самоа, Микронезия жана Тувалу.

Басылма март айында Тонгада пандемиянын башталышы менен аэропорт жабылып, круиздик кемелердин кирүүсүнө тыюу салынгандыгын белгилейт. Ага карабастан, бийлик  карантин киргизген, натыйжада өлкө экономикасы баары бир түшүп кетти.

Экономикасы туризм менен тыгыз байланышта болгондуктан, региондогу башка инфекциясыз өлкөлөр дагы жапа чегишти. Ошондой эле Антарктидада коронавирус катталган жок. Бул илдетке чалдыкпаган жалгыз континент.