Жаңылыктар
Түштүк Африка чет элдик туристтер үчүн чек араларын ачат
Дүйнө
Түштүк Африка чет элдик туристтер үчүн чек араларын ачат

Түштүк Африка өлкөсү чет элдик туристтер үчүн кирүүгө коюлган чектөөлөрдү алды. Бул тууралуу президент Сирил Рамапоса 12-ноябрь күнү Твиттерде жарыялады.

Туристтер коронавирус тестирлөөсүнөн өтүп, коопсуздук протоколдору сакташы керек болот. Андан сырткары, туристтер абалга жараша эки жумалык карантинден өтүп, буга байланыштуу чыгымдарды өздөрү төлөп калышы ыктымал.

Президенттин айтымында, өлкөдө кадимки ишкердик жумуштар жандана баштады, жумуш убактысына коюлган бардык чектөөлөр жокко чыгарылды. Ошондой эле, жабыркаган ишкерлерге жана жарандарга COVID гранттарын дагы 2021-жылдын январь айына чейин дагы үч айга узартты.

Эскерте кетсек, пандемияга чейин Түштүк Африка Республикасына жылына 17 миллион турист келчү.