Жаңылыктар
Дүйнөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 53 миллиондон ашты
Дүйнө
Дүйнөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 53 миллиондон ашты

Дүйнөнүн 52 миллиондон ашуун жашоочусу коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алды. Акыркы суткада COVID-19 643 миңден ашуун адамга жуккандыгы аныкталды  деп билдирет Worldometers статистикалык порталы.

13-ноябрь күнү эртең менен, дүйнөдө COVID-19 оорусунун 53 076 770 учуру тастыкталды, анын ичинен 37,2 миллион бейтап айыгып, 1,3 миллион адам оорунун татаалдашынан улам көз жумган. Америка Кошмо Штаттары оорулар менен өлүмдөр боюнча жана анализдердин саны боюнча лидер бойдон калууда. Өлкөдө 10,9 миллион жаран ооруну жуктуруп, анын 6,7 миллиону вирусту жеңип, 248,6 миң адам көз жумган.

Оорунун көрсөткүчү боюнча экинчи орунда Индия (8,7 миллион учур), үчүнчүдө - Бразилия (5,8 миллион). Ошондой эле алдыңкы ондукка Франция (1.89 миллион жуккан), Россия (1.85 миллион), Испания (1.5 миллион), Улуу Британия (1.29 миллион), Аргентина (1.28 миллион), Колумбия (1, 2 миллион) жана Италия (1,1 миллион).