Жаңылыктар
Аргентинада велосипедчи миңдеген кактус ийнелеринен жаракат алды
Дүйнө
Аргентинада велосипедчи миңдеген кактус ийнелеринен жаракат алды

Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте велосипедчи чоң кактуска кулап, денесиндеги миңдеген тикенектери менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Daily Mail жазып чыкты.

"Мен асфальттагы чуңкурду байкабай калып, ары кирип кеттим. Бактыга жараша көз айнек жана туулга кийип, бетим менен башым жаракат алган жок. Денеме сиңип калган тикенектер мени сокур кылып салышы мүмкүн эле", - деди Диего Морено.

Велосипедчи Диего Морено үч досу менен шаардык сейил бакта велосипед тээп жүргөн. Бир маалда ал асфальттагы чуңкурду байкабай калып, жолдун жанында өсүп жаткан чоң кактуска кирип кеткен. Өтүп бараткан адамдар Моренодон ийнелерди алып чыгууга аракет кылышып, жабырлануучуну ооруканага жеткиришкен.